Коммуналдык түтүктөрдү алмаштыруу иштерин шаар күнүнө карата бүткөрүү тапшырмасы берилди

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жылуулук мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктарды текшерип, Курманжан-Датка менен Ленин көчөлөрүн кыдырып, коммуналдык кызматтар тарабынан жер астындагы түтүктөрдү алмаштыруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мэр алгач Курманжан-Датка менен Кыргыз көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилкеде, «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Ошгаз» көмөк чордону тарабынан узундугу 550 метр газ түтүгүн алмаштыруу иштердин жүрүшүн көрүп […]
Ош шаары менен Шымкент шаарынын ортосунда бир тууган шаар меморандумуна кол коюлду

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 2023-жылдын 22-23-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик делегациянын курамында Казакстан Республикасынын Тараз шаарында өтүп жаткан кыргыз -казак өкмөттөр аралык Кеңешинин 11-жыйынына жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын I аймактар аралык кызматташтык форумуна катышууда. Иш-чаралардын алкагында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин […]
Ошто Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, Ош шаарында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленип, “Алымбек-Датка” этнографиялык борборунда Ош шаарынын мэриясы, ЭлТР телерадио компаниясы тарабынан уюштурулган Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык концерт өттү. Анын алкагында манасчылар, төкмө акындар, эстрада жылдыздары, бий жана музыкалык топтор кыргыз тилин даңкташып, шаар тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулашты. Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын […]
Ж.Раимбеков (Зайнабетдинов) көчөсүндөгү жолго асфальт төшөлө баштады

Ж.Раимбеков (Зайнабетдинов) көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө, жашылдандыруу жана жарыктандыруу жумуштарынын алкагында, жолго жаңы асфальт төшөө иштери башталды. Туурасы 22 метрди, узундугу 600 метрди түзгөн жолго жалпысынан 5 см ири жана 4 см майда бүртүкчөлүү 2 катмар асфальт төшөлөт. Жумушка 10дон ашык атайын техника жана 25ке жакын жумушчулар тартылган.
Ундун баасы боюнча түшүндүрүү жана мониторинг иштери жүргүзүлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда унга болгон баа туруктуу. Алсак, жергиликтүү өндүрүштөгү 1-сорттогу бир кап ундун баасы 1450 сом, импорттук 1-сорттогу ун 1725 сом, ал эми эң жогорку сорттогу ундун баасы 1875 сомдон сатылууда. Сырттан келген ундун баасынын өсүүсү чет элдик ун чыгаруучу ишканалардагы баанын жогорулашына байланыштуу. […]
Ош шаары Санкт-Петербург шаары менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн мүчөсү Евгений Григорьев баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда социалдык-экономикалык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданий багыттарда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, ишкерлер арасында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, мектептер менен кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашуу туурасында сүйлөшүүлөр жүрдү. Замир Юсупов, Ош шаарынын мэринин атынан келген […]
Ош шаарынын мэри Б.Ж Жетигеновдун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Ардактуу кыргызстандыктар! Сиздерди 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм. Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, руханий азыктануубуздун булагы, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз. Албетте, мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай милдет болсо, тилди сактоо, коргоо жана өнүктүрүү ар бирибиз үчүн ошондой милдет! Анткени эгемендүүлүк жана тил маселеси – […]
Ошко Санкт-Петербург шаарынан өкмөттүк делегация келди

Бүгүн, Ош шаарына иш сапары менен Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы – Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн мүчөсү Евгений Григорьев баштаган делегация келди. Конокторду Ош аэропортунан Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов жана Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун консулу Константин Бахтин тосуп алышты. Делегаттар Ош шаарына соода-экономикалык, илимий-техникалык жана […]
“Тез жардам” борбору толугу менен санариптештирилди

Бүгүн Ош шаардык медициналык “Тез жардам” борборунда, мекемени санариптештирүү жана электрондук башкаруу тутумун ишке киргизүү боюнча иштер толугу менен аяктагандыгына байланыштуу презентация өттү. Презентацияга Ош шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, “GIZ” эл аралык уюмунун (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому), Ош шаардык жана облустук медициналык мекеме-ишканаларынын өкүлдөрү катышты. Презентацияда Ош шаарынын мэриясынын жардамы, «GIZ» […]
Ошто таштандыларды ылгоолочу төртүнчү аянтча ишке кирди

Бүгүн, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Алай көчөсүндө жалпы аянты 105 кв. метрди түзгөн, тиричилик таштандыларын ылголоочу төртүнчү аянтчаны ишке киргизди. Долбоор менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринде таанышып чыгып, анын шаардагы экологиялык абалды жакшыртуудагы маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорду улантууну тапшырды. Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ар бир аянтчадан мурункуга караганда, сегиз эсе аз таштанды чыгарылган. […]