ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Тез жардам” борбору толугу менен санариптештирилди

Бүгүн Ош шаардык медициналык “Тез жардам” борборунда, мекемени санариптештирүү жана электрондук башкаруу тутумун ишке киргизүү боюнча иштер толугу менен аяктагандыгына байланыштуу презентация өттү.

Презентацияга Ош шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, “GIZ” эл аралык уюмунун (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому), Ош шаардык жана облустук медициналык мекеме-ишканаларынын өкүлдөрү катышты.

Презентацияда Ош шаарынын мэриясынын жардамы, «GIZ» эл аралык уюмунун техникалык колдоосу менен “Тез жардам” борборунун электрондук башкаруу процессин өнүктүрүү үчүн аткарылган иш-аракеттер тууралуу маалымат берилди.

Электрондук башкаруу тутуму диспетчерлердин тез жардам тобу менен өз ара байланыштарын бекемдеп, чакыруу жөнөтүлгөндө алардын жайгашкан жерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, медициналык жардам көрсөтүүнүн ылдамдыгын жана сапатын жогорулатат. Ошондой эле кадрлардын уюштуруу иштерин, маалыматтык көзөмөлдү жакшыртат.

Ага керектүү жабдууларды жана байланыш каражаттарын сатып алуу жана орнотуу менен катар медициналык кызматкерлер арасында санариптик сабатуулукту жогорулатуу максатында окутуулар жүргүзүлгөн.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан «Керме-Тоо», «Манас-Ата» муниципалдык аймактарында ачылган “Тез жардам” борборунун көмөк чордондорунда дагы электрондук башкаруу тутуму толугу менен ишке киргизилген.

2024-жылдын аягына чейин «GIZ» медициналык кызматкерлерди окутууга, тиешелүү кеңештерди берүүгө жана электрондук тутумдун ишин жөнгө салууга колдоо көрсөтүүнү улантат.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео