ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Б.Ж Жетигеновдун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм.

Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, руханий азыктануубуздун булагы, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз. Албетте, мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай милдет болсо, тилди сактоо, коргоо жана өнүктүрүү ар бирибиз үчүн ошондой милдет!

Анткени эгемендүүлүк жана тил маселеси – тагдырлаш, ажырагыс түшүнүктөр. Кыргыз Республикасынын эгемендигине жетүү үчүн жасалган алгачкы аракеттер эне тилибизди жоголуудан сактап калуу кыймылынан башталганы белгилүү. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында ал кыймыл зор коомдук күчкө айланып, кыргыз тилинин мамлекеттик макамын мыйзам түрүндө бекитүүгө жетишкен.

Бүгүн кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганына отуз төрт жыл толуп олтурат. Мына быйыл мамлекеттик тилдин макамы дагы жогорулап, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынды. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бурулуп, бул багытта атайын программалар иштөөдө.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан да мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы колго алынып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир катар алгылыктуу иштер аткарылып келет. Анткени, биз мамлекеттик тилибизге болгон камкордугубуз аркылуу мамлекетке болгон мамилебизди билдиребиз.

Түптүү элдин, уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары улуу тилибиздин учугу узарып, түбөлүгү түз болоруна терең ишенем.

Кадырлуу мекендештер!

Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун!

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео