Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 2023-жылдын 22-23-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик делегациянын курамында Казакстан Республикасынын Тараз шаарында өтүп жаткан кыргыз -казак өкмөттөр аралык Кеңешинин 11-жыйынына жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын I аймактар аралык кызматташтык форумуна катышууда.
Иш-чаралардын алкагында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын протоколуна жана региондор аралык документтерге кол коюлду.
Кыргыз-Казак аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү максатында Ош шаары менен Шымкент шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу тууралуу Меморандумга кол коюлду.