Эгемендүүлүк: “Тогуз ордо” аймагында маданий иш-чаралар өтүүдө

Ош шаарынын Ленин проспектисинде Республиканын жети дубаны жана Бишкек, Ош шаарлары жайгашкан “Тогуз ордо” аймагында «Түштүк базары» республикалык көргөзмө-жарманкеси жана кароо-сынактар өтүп жатат. Жарманкеде ар бир облус, шаардын тарыхын, кооз табиятын, маданий жана коомдук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган “Жергемдин жети керемети”, «Жер эненин жемиши», “Кыялымдагы шаар”, ишкерлердин колунан жасалган заманбап, сапаттуу, бренд товарлардын “Футурама”, «Сарпай», «Өнөркана» аталыштарындагы […]
Эгемендүүлүк: «Ош – достуктун шаары» фестивалы өттү

С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын алдында боордош калктардын маданиятын чагылдырган «Ош – достуктун шаары» фестивалы өтүп, анда ар улуттун өкүлдөрүнүн улуттук каада-салты, ыр-күүсү, бийлери тартууланды. Ошондой эле кол-өнөрчүлөрдүн, улуттук кийим-кечелердин көргөзмөсү болуп, “Алтын туурум – Ата-Журтум” республикалык маданий кароо-сынактарынын алкагында скульпторлордун “Тарыхта калган элестер”, өлкөнүн жети дубандын кереметүү жерлеринин кичи бейнесин чагылдырган “Ата-Журт […]
Эгемендүүлүк: Ошто ашпозчулардын фестивалы өттү

Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата шаардыктар жана коноктор учүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан” Ош берекеси” аттуу “Аш” жана “Нан” фестивалы уюштурулду. Фестивалга 30га жакын шаардын жана Ош облусунун атагы чыккан ашпозчулары катышты.
Эгемендүүлүк: Балдар Кыргызстанды даңазалап сүрөт тартышты

Т. Сатылганов атындагы сейил багында «Алтын туурум–Ата-Журтум» республикалык маданий кароо – сынакта алкагында «Күнөстүү Кыргызстан» балдардын асфальтка сүрөт тартуу сынагы өтүп, жаш балдар бор менен жерге сүрөт тартышты. Ошондой эле 10 метр бийиктиктеги мамыдагы байгени алып түшүү боюнча «Мамы-Байге», «Кожомкул-Таш» балбандардын оор салмактагы таш көтөрүү мелдештери жана «Сыйкырдуу калем» графикалык сүрөтчүлөрдүн сынактары өтүүдө.
Эгемендүүлүк: Улуттук оюндар боюнча мелдештер өтүүдө

А. Сүйүмбаев атындагы Ош борбордук стадионунда 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жана Н. Исановдун 80 жылдыгына арналган спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Мелдештердин алкагында өлкөнүн жети дубанынан жана Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандан келген спорт сүйүчүлөр “Ордо”, “Айкүр чүкө”, “Оордуктарды көтөрүү”, “Таяк тартыш”, “Кыргыз күрөш”, “Алыш бел боо күрөшү”, “Улуу көчмөндөр күрөшү” улуттук оюндары боюнча күч сынашууда. Финалга […]
Президент Садыр Жапаров Ошто шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди

Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош шаарында жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди. Эске салсак, ушул жылдын июль айында Мамлекет башчысы Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы таза суу үчүн төрт жаңы суу сактагычтын курулушу менен таанышып, түштүк борбордун тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тапшырган. […]
Эгемендүүлүк: Насирдин Исановдун эстелиги ачылды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош мамлекеттик университетинде Мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун эстелигин ачты. Ал эми университеттин жыйындар залында Кыргызстандын алгачкы премьер-министри, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмердин өмүр таржымалына арналган илимий конференция өтүп жатат.
Эгемендүүлүк: Мамлекеттик Туу көтөрүлдү

Бүгүн, 31-августта “Сулайман-Тоо” тарыхый мемориалдык комплексинин алдындагы Алымбек-Датка этнографиялык борборунда Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамлекеттик Тууну көтөрүү аземи болду. Желек саптын узундугу 60 метр, желектин узундугу 22.5 метр, туурасы 15 метрди түзөт. Аземге КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Н. Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы А. Жапаров, экс-президенттер, коомдук жана мамлекеттик […]
Ош шаарына чет өлкөлүк дипломаттар келди

Бүгүн, Ош шаарына Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк жумушчу топ жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү келишти. Аларды Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алууга Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык […]
А. Масалиев көчөсү менен А. Навои көчөсүнүн кесилишиндеги жол унаа каттамдары үчүн толук ачылды

Эске салсак А. Масалиев көчөсүнүн үч чакырым жолуна толук жаңыдан асфальт төшөө иштери башталган болчу. Жумуштар 100%га аяктап жол бүгүнтөн тарта ачылды. Муну менен катар А. Масалиев жана А. Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр үчүн курулган өтмөк да шаар тургундары жана коноктору үчүн толук ачылып, өтмөк аркылуу жүрүүгө уруксат берилди. Өтмөктүн негизги конструкциясы бүттү. Ал […]