ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси тосуп алынды

Ош эл аралык аэропортунда грек-рим күрөшү боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси Жантөрө Мирзалиев салтанаттуу тосуп алынды. Ага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана жакындары катышып, күмүш медал ээсин куттуктап, ийгиликтерди каалашты. Белгилей кетсек, бир күн мурун Жантөрө Мирзалиев Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн […]

Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку же болбосо орто кесиптик билим (багытына талап коюлбайт); – иш стажына талаптар коюлбайт. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы. -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же […]

Ошто кулчулуктун курмандыктарын эскерүү күнүнө карата жыйын өттү

Бүгүн, 23-август – кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана аны жоюунун эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэриясынын алдындагы адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин жыйны болуп өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Бактыгүл Айдакеева, ЕККУнун Бишкек шаарындагы кеңсесинин өкүлү […]

Ош шаарынын мэриясы ЮНИСЕФ менен кызматташууну күчөтөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун жетекчиси Кристин Жольм менен жолугушту. Жолугушууда тараптар, балдарды колдоо максатында маданият, билим берүү жана спорт багыттары боюнча биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулашты. Жолугушуунун алкагында шаар бийлигине ЮНИСЕФтин Оштогу кеңсесинин жаңы жетекчиси Айсулуу Сулайманова […]

Ошто билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык кеңешмеси өттү

Бүгүн, Ош шаарында “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр!” темасынын алкагында билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрөгасы Балтагул Нурунбетов, билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова, билим берүү мекемелеринин директорлору, мугалимдер жана балдар бакчаларынын тарбиячылары катышты. […]

Ошто жугуштуу ооруларга көзөмөл күчөтүлөт

Бүгүн, Ош шаардык клиникалык ооруканасында Ош шаарынын мэриясына караштуу эпидемияга жана эпизоотияга каршы шаардык өзгөчө комиссиясынын жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышты. Күн тартибинде Ош шаарында сибирь жарасы, бруцеллёз, кызамык жана кызылча жугуштуу илдеттеринин алдын алуу иш-аракеттери тууралуу маселелер талкууланып, эпидемиологиялык абалы, эмдөөнүн жүрүшү жөнүндө маалыматтар угулду. Ош шаарында бүгүнкү […]

Ошто “Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы старт алды

Бүгүн, Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында алгачкы ирет “Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы башталды. Фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, жалпы бий өнөр ээлерин салтанаттуу куттукташты. Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси […]

Ошто эгемендүүлүк күнүнө карата тамак-аш чатырлары тигилет

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө карата тамак-аш жайларын уюштуруу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Ош шаарынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын, Ош электр тармактар ишканасынын, тамак-аш өндүрүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Жыйында, тамак-аш жайларын уюштуруу, жасалгалоо, көрктөндүрүү, коопсуздук шарттарын түзүү, тамак-аш азыктарынын сапаты, түрдүүлүгү боюнча талкуулар жүрүп, бир катар сунуш-пикирлер айтылып, тигиле […]

Ош шаарына “Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалынын катышуучулары келишти

Бийчилер менен Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жолугушуп, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген өнөрпоздорго чыгармачылык ийгиликтерди каалап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, фестиваль бүгүн 16-август күнү, саат 18:30да Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында старт алат. Ага Индия, Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Кыргызстандын эң алдынкы бий топтору катышат. Ага чейин, саат […]

Жарнамалардагы мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын сактабагандарга чара көрүлдү

Ош шаарынын “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын А.Шакиров көчөсүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы боюнча рейд жүрдү. Текшерүү учурунда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп бербеген 30дан ашуун […]

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.