Ош шаарында жалпы ишембилик болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош шаарында жалпы ишембилик болуп өттү. Ага муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик кызматтардын, саламаттыкты сактоо, билим берүү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү, жогорку жана орто атайын окуу жайларды студенттери, жеке ишканалардын […]
Ош шаарындагы кышка даярдык текшерилди

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Жылуулуккамсыздоо” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги менен биргеликте Ош шаарындагы көмүр сатуучу базаларды, мектептерди, бала бакчаларды кыдырып, кышка карата даярдык, көмүр менен камсыздоо жана отканалардын даярдыгын жеринде көрүп чыкты. Бул багытта мэр кышка чейин шаардагы мектептердин, бала бакчалардын отканаларын сапаттуу көмүр менен камсыздап, “Жылуулуккамсыздоо” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине кышкы жылытуу мезгили башталганга чейин […]
Коррупция менен күрөшүү боюнча профилактикалык иштер күчөтүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык прокуратуранын өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери менен билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Жыйында 14-35 жаштагы жарандар арасында “Баардыгы коррупцияга каршы!” аталышындагы эл аралык сынак тууралуу сөз болду. Ошондой эле, ар бир билим берүү мекемесинде коррупцияга каршы иш-чараларды уюштуруу, жолугушууларды […]
Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат

Бүгүн, 13-сентябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги ХХ сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар, мекеме ишканалардын, уюмдардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. Сессиянын күн тартибинде 15 маселе, анын ичинде 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы каралууда. Маселе боюнча Ош […]
225-кварталда жаңы социалдык имараттардын ачылышы болду

Бүгүн, Ош шаарынын «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын 225-кварталында фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП), окуу борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, эл аралык кайрымдуулук уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чаранын алкагында курулушка салым кошкон Кувейт мамлекетиндеги “Шейх Абдулла Нурий” кайрымдуулук фондунун, “Ассанабил” эл аралык уюмунун жеткечилерине Ош шаарынын мэриясынын Ыраазычылык […]
Кенемте төлөнүп берилди

Бүгүн, ХОВО үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын камсыздандырган Ош шаарынын Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын жашоочусу Илимбек Жээнбековго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан жалпы суммасы 1 135 320 сом кенемте сертификаты берилди. Сертификатты Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу бөлүмүнүн башчысы Төрөбек Нариев тапшырышты. Белгилей кетсек, кенемте жол кырсыкка кабылган жана камсыздандырылган […]
Мэр жарандарды кабыл алды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, сунуш, кайрылууларын укту. Кабыл алууга мэриянын бөлүм башчылары жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты. Жарандар негизинен документтерди даярдоо, материалдык жардам көрсөтүү, жер тилкелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү, ипотекалык шартта турак жай алуу, мыйзамсыз курулуштарга чара көрүү, шаардын четки аймактарын таза […]
Ош шаарында жаңы эс алуучу жайлардын курулушу башталды

Долбоор боюнча борбордук аянтта жөө адамдар үчүн фонтандын курулушу жана Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактагы жайкы театрды оңдоп-түзөө иштери башталды. Долбоорду толук аяктоо кийинки жылга болжолдонгон. Эске салсак, аталган курулуштар Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” беш долбоордун алкагында ишке ашууда.
Ошто билим күнүнө карата мектеп жана бала бакча пайдаланууга берилди

Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында 100 орунду «Бөбөк» бала бакчасынын жана «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгында 500 орунду №27- орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Куттуктоо сөзүндө Акылбек Жапаров билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана мугалимдерди колдоого мындан ары […]
Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара гала-концерт менен жыйынтыкталды.