ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө коомдук талкуу!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары !

Ош шаардык Кеңешинин кароосуна Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, базардын инфраструктура маселелерин чечүү, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу максатында. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе сунушталып жаткандыгына байланыштуу шаар тургундарынын коомдук талкуусуна аталган маселе сунушталат.

Ошондуктан ушул маселе боюнча урматтуу шаардыктар сиздерден сын-сунуш, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел:   55748

 

___________№ ___________

___________№ ___________

 

Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы 

Б.Т. Баетовго 

Ош шаарынын мэриясы Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын                    30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени сиздердин карооңуздарга сунуштайт.

Тиркеме: токтом долбоору, маалымкат-негиздеме, юридикалык корутунду, салыштырмалуу таблица жана макулдашуу баракчасы, 7 баракта.

Мэрдин биринчи орун басары                                             А.Шаршеналы уулу

Долбоор

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, базардын көйгөйлүү маселелерин чечүү, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Ош шаардык Кеӊеши токтом кылат:

1. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

–        аталган токтомдун 2-пунктундагы 2-тиркеме ушул токтомдун                            тиркемесинде көрсөтүлгөн редакцияда бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И. Шайиев) жүктөлсүн.

Ош шаардык 

Кеӊешинин төрагасы                                                                             Б.Т. Баетов

 

Ош шаардык Кеңешинин

2025-жылдын _____-июнундагы

кезексиз ______ сессиясынын

№ ______ токтомунун 2-тиркемеси

“Жапалак автоунаа базары” 

муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскуранты

(тийиштүү салыктарын кошкондо)*

(сом менен)

№Жыйымдардын аталышыДүйшөмбү-жума күндөрүИшемби күнүЖекшемби күнү
Базардын аймагына автотранспорттун бир жолку кирүүсү үчүн, бир жолку:
  • жүк көтөргүчтүгү 10 тоннадан ашкан жүк ташуучу транспорт
50,0400,0500,0
  • жүк көтөргүчтүгү 5 тоннадан жогору жана 10 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт
50,0350,0500,0
  • жүк көтөргүчтүгү 5 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт
50,0350,0500,0
  • кичи автобустар
50,0350,0500,0
  • жеңил автоунаалар
50,0350,0500,0
Чатырдын астында турган автоунаалардан, бир күндөн бир жумага чейин1000 сом, “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасына төлөнөт
Автотранспорт токтотуу жана токтотуучу жай үчүн, эки саатка50,0

(Эки сааттан кийинки ар бир саат үчүн кошумча 50 сомдон алынат)

Чарбалык субъекттерге жер тилкени ижарага берүү үчүн, бир айга 1 м2 үчүн200,0 сомдон башталат
Соода кылуу үчүн, соода кылган күнгө200,0 сомдон башталат
Справкаларды берүү үчүн50,0

Ош шаардык Кеңешинин 

аппарат жетекчиси                                                            И.Э. Абдыраимов

 

“Жапалак автоунаа базары” 

муниципалдык ишканасынын жыйымдары боюнча салыштырмалуу таблица

(сом менен)

№Жыйымдардын аталышыМурунку баалар, сомСунушталган баалар, сомАйырмасы, +,-
Дүйшөмбү-жума күндөрүИшемби күнүЖекшемби күнүДүйшөмбү-жума күндөрүИшемби күнүЖекшемби күнүДүйшөмбү-жума күндөрүИшемби күнүЖекшемби күнү
Базардын аймагына автотранспорттун бир жолку кирүүсү үчүн, бир жолку:
  • жүк көтөргүчтүгү 10 тоннадан ашкан жүк ташуучу транспорт
30,0200,0250,050,0400,0500,0+20,0+200,0+250,0
  • жүк көтөргүчтүгү 5 тоннадан жогору жана 10 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт
30,0150,0200,050,0350,0500,0+20,0+200,0+300,0
  • жүк көтөргүчтүгү 5 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт
30,0150,0200,050,0350,0500,0+20,0+200,0+300,0
  • кичи автобустар
30,0150,0200,050,0350,0500,0+20,0+200,0+300,0
  • жеңил автоунаалар
30,0150,0200,050,0350,0500,0+20,0+200,0+300,0
Чатырдын астында турган автоунаалардан, бир жумага700,0 сом, анын ичинен 300,0 сому чатырлардын ээлерине, 400,0 сому “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасына төлөнөт1000 сом, “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасына төлөнөт+300,0
Автотранспорт токтотуу жана токтотуучу жай үчүн30,0

(бир күнгө)

50,0

(эки саатка. Эки сааттан кийинки ар бир саат үчүн кошумча 50 сомдон алынат)

+20,0

(Эки сааттан кийинки ар бир саат үчүн кошумча 50 сомдон)

Чарбалык субъекттерге жер тилкени ижарага берүү үчүн, бир айга 1 м2  үчүн50,0200,0 сомдон башталат+150,0
Соода кылуу үчүн (ларёктон, чатырдан, прилавкадан, колдон сатуу үчүн), соода кылган күнгө50,0200,0 сомдон башталат+150,0
Справкаларды берүү үчүн50,050,0–

 

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбооруна 

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ

  1. Долбоордун максаты жана милдеттери

Сунушталып жаткан токтомдун долбоору “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, базардын инфраструктура маселелерин чечүү, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу максатында иштелип чыкты.

  1. Баяндоочу бөлүк

“Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасы мыйзам чегинде берилген ыйгарым укуктарынын негизинде тейлеген багытта ишмердүүлүктү жогорулатуу, маселелерди чечүү, келечекке багытталган иш-чараларды камсыз кылууга аракеттерди жүргүзөт. Ошону менен биргеликте муниципалдык жерлерди пайдалануу үчүн ижара акыларын жергиликтүү бюджетке которуу менен шаардын бюджеттик потенциалын жогорулатуу, өнүгүү программасында каралган иш-чараларды аткарууга салымын кошот.

Кыргыз Республикасында инфляциянын деңгээли (керектөө бааларынын индекси боюнча) 2023-жылы 110,8%ды (Ош ш. 115,8%), 2024-жылы 105,0%ды (Ош ш. 107,4%), ал эми  2025-жылдын январь-апрель айларына карата 106,9%ды (2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу) түздү. Бул көрсөткүчтөр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өсүшүнө алып келди. Айрыкча коммуналдык кызматтар, инфраструктураны тейлөө чыгымдары кыйла жогорулады.

Инфляциянын динамикасын, сатып алынган товарлардын, кызматтардын жогорулашын эске алуу менен муниципалдык ишканалардын жыйымдарынын прейскуранттарын кайра кароо зарыл.

Жогорудагыларды эске алуу менен, Жапалак унаа базарынын тарифтерин учурдагы рынок шарттарына ылайыктап, кайра кароо маселесин Ош шаардык кеңешинин кароосуна коюу сунушталат. Тарифтерди инфляция темпине жараша көтөрүү жана алынган кошумча каражаттарды базар инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана кызмат сапатын жогорулатууга багыттоо максатка ылайык болот.

  1. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Бул токтомдун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, бул токтомдун долбоору коомдук талкуу жүргүзүү жол-жобосунан өтүү үчүн Ош шаардык Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү

Берилген токтом долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жергиликтүү бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.

7. Жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүү жөнүндө маалымат

Берилген долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

Ош шаарынын мэринин 

биринчи орун басары                                                             А. Шаршеналы уулу

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео