Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, мэриянын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Мэрдин орун басары жарандардын бир катар көйгөйлүү суроолорона жооп берди.
Шаардыктар негизинен жер, базар жана башка ушул сыяктуу маселелер боюнча кайрылышты.
Жарандардын ар бир кайрылуусуна шаар бийлиги тарабынан толук жооп берилип, суроо-талаптар боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмалар берилди.