Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, мэриянын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, бир катар көйгөйлөрүн чечүү боюнча тиешелүү суроолорго жооп берди.
Жарандар негизинен коммуналдык, турак жай, жер жана башка көйгөлүү маселелери менен кайрылышты.
Жарандардын ар бир кайрылуусуна шаар бийлиги тарабынан толук жооп берилип, суроо-талаптар боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмалар берилди.