🔸️ Шаар тургундарын Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров кабыл алды.
🔸️ Жарандар негизинен турак жай, мыйзамсыз курулуш, документтерди алууга көмөктөшүү, ипотека, жер жана башка көйгөлүү маселелери менен кайрылышты.
🔸️ Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров жарандардын бир катар суроолоруна жооп берип, ар бир айтылган көйгөй боюнча мэриянын бөлүм башчыларына, шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилерине, МАБ башчыларына тийиштүү тапшырмаларды берди.