Ош шаарынын жолдорун кардан тазалоо иштерин калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев өзү текшерип, карап чыкты.
Мэр шаар тургундары тарабынан коммуналдык кызматтардын ишине нааразычылык болбошу керектигин белгиледи.
Ошондой эле жолдорго туз, кум себүү иштерин сапаттуу жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмалар берди.
Белгилей кетсек, Ош шаарындагы жолдорду кардан тазалоо иштерин «Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты», «Ош-Тазалык», «Ошасфальтсервис» муниципалдык ишканалары жана ДЭП-21 ишканасы жүргүзөт.