Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарынын Кең-Сай массивинде 5 кабаттуу ипотекалык турак-жайдын курулушуна расмий түрдө старт берилип, мезгил кутучасы салынды.
🔹Иш-чарага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана тургундар катышты. Мэр турак-жай бүткөндөн кийин жарандарга ыңгайлуу шарттагы батирлер ипотекалык негизде берилерин белгиледи.
🔹Бул Кең-Сай конушунда башталган алгачкы көп кабаттуу турак-жай болуп эсептелет. Жаңы үй заманбап талаптарга жооп берип, бардык инженердик-техникалык шарттар менен камсыздалат. Көп кабаттуу үй менен катар мектеп, бала бакча жана башка социалдык обьекттер курулат.
🔹Калаа башчы Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен Кең-Сайды жашоого ыңгайлуу жана социалдык инфраструктурасы өнүккөн аймакка айландыруу иштери уланууда.
