ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅Ошто VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына даярдыктардын алкагында “Биримдик кербени” маданий долбооруна старт берилди

🔹Ош шаарында VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата даярдыктардын бир бөлүгү катары “Биримдик кербени” аттуу ири регионалдык маданий долбоор башталды. Бул эстафета суунун кыргыз эли үчүн өзгөчө маанисин баса белгилеп, өлкөнүн биримдигин чыңдоону, салт-санааны даңазалоону жана аймактардын маданий мурасын таанытууну көздөйт.

🔹Суу — көчмөн цивилизациясында тазалыктын, жаңылануунун жана муундардын улантылышынын символу. Ушул терең маани VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында биримдиктин башкы белгиси катары колдонулат. “Биримдик кербени” өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ар бирине өзүнүн маданий өзгөчөлүгүн жана руханий мурасын көрсөтүүгө жол ачат.

🔹Долбоордун негизги этаптары

1. Региондордо тандоо иш-чаралары (2025-жылдын 31-декабрына чейин)

• Республиканын бардык облустарында жана Бишкек шаарында атайын маданий жана коомдук иш-чаралар уюштурулуп, алардын жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталат:
• Региондук Баатырлар — улуттук спортту өнүктүрүүгө салым кошкон спортчулар;
• Региондун Элчилери — өз аймагынын өнүгүшүнө зор эмгек сиңирген кадырлуу инсандар;
• Аймак үчүн маанилүү суу булагы — тарыхый, жаратылыштык же маданий мааниге ээ булак же суу объектиси.

2. Көөкөргө суу куюу аземи.

Ар бир аймакта тандалган булагынан алынган суу салтанаттуу түрдө көөкөргө куюлат. Андан кийин Баатыр менен Элчи көөкөрдү кербен коштоосунда борбордук аянтка жеткирип, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышкан “Сууну даңазалоо” аземине тапшырат.

3. Көөкөрдү “Сулайман-Тоо” музей комплекси жайгашкан ачык аянтка коюу.

Аземден соң көөкөр музейдин атайын аянтчасына орнотулуп, шаар тургундары жана коноктор үчүн ачык экспозиция катары көрсөтүлөт.

4. Региондордун көөкөрлөрүн Бишкек шаарына жеткирүү (2026-жылдын 5-15-августу).

Бул аралыкта өлкөнүн бардык аймактарынан топтолгон көөкөрлөр борборго алынып келинип, VI Көчмөндөр оюндарынын ачылышына чейин Башкы суу сактагычта жайгаштырылат. Экспозиция бардык каалоочулар үчүн ачык болот.

5. VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын ачуу аземи (2026-жылдын 31-августу).

🔹Башкы Баатырдын, региондордун баатырларынын жана элчилеринин катышуусундагы Улуу кербен “Бишкек-Арена” стадионуна көөкөрлөрдү алып чыгат.

🔹Ачылыш аземинде:
Бардык аймактардын суулары, мурунку оюндардын символу болгон казак Торсыгындагы суу жана бул оюндарга катышкан өлкөлөр алып келген суулар бирдиктүү идишке куюлуп, көчмөн элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин чагылдырган улуу символ жаратылат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео