ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅Ош шаарында Энергетиктер күнү белгиленди

🔹Бүгүн Ош шаарында энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү тармактын жетекчилери жана энергетика тармагынын кызматкерлери катышты.
🔹Калаа башчысы өз сөзүндө өтүп бара жаткан жыл Ош шаарынын энергетика тарыхында өзгөчө орун алганын белгилеп, жыл ичиндеги ири иштерге токтолду. Тактап айтканда, Кең-Сай массивине электр жарыгы жеткирилип, Эне-Сай жаңы конушуна электр энергиясын тартуу боюнча масштабдуу иштер ишке ашырылганын айтты.
🔹Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө өз ишин жоопкерчилик менен аткарган энергетиктерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана мэрдин энчилүү сааттары тапшырылды. Ошондой эле Ош РЭТ жана Сулайман-Тоо РЭТ ишканаларына Porter үлгүсүндөгү кызматтык унаалар берилди.
🔹Мындан тышкары, мэр Жеңишбек Токторбаев коммуналдык чарба ишканаларынын жетекчилерине да Ош шаарынын мэринин энчилүү сааттарын тапшырды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео