Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын ардагерлери” коомдук бирикмесине кызматтык унаа тапшырды.
🔹Калаа башчысы буга чейин Милиция кызматкерлеринин күнүнө карата ардагерлер менен жолугушуу учурунда жаңы жылга карата заманбап унаа белек кылууну убада кылган. Бүгүн айтылган убадасын иш жүзүндө аткарып, милициянын ардагерлерине жаңы үлгүдөгү унаанын ачкычын тапшырды.
🔹Мындан тышкары, аталган коомдук бирикменин ишмердүүлүгүн колдоо максатында Ош шаардык мэриясынын имаратынан бир кызматтык бөлмө да бөлүнүп берилди.
🔹Жеңишбек Токторбаев коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого өмүрүнүн көп бөлүгүн арнаган милициянын ардагерлерине ыраазычылык билдирип, алардын тажрыйбасы, акыл-насааты бүгүнкү күндө да өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.





