Жибек-Жолу аймактык башкармалыгында кезектеги дагы бир көчө пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
🔹Буга чейин калаа башчы рейддик кыдырууда бир катар көчөлөрдүн абалын көрүп чыккан. Анда №151 көчөнүн тургундары аталган жолго асфальт төшөп берүүнү суранышкан.
🔹Мэр тийиштүү кызматтарга тапшырмаларды берген. Натыйжада болжол менен 1,3 чакырым жолго асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулду. Кошумча ирригациялык лотоктор орнотулуп, түнкү чырактар дагы коюлган.











