ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Мэр Ош шаардык №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун абалы менен таанышты

🔹 Таңкы рейддин алкагында шаар мэри Жеңишбек Токторбаев Манас-Ата аймактык башкармалыгында жайгашкан Ош шаардык №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун, №2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (поликлиника) имаратынын абалы менен таанышты.
🔹 Аталган медицина борбору (поликлиника) көп кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатында жайгашканы жана ушул убакка чейин капиталдык оңдоодон өтпөгөнү маалым болду. Шаар мэри имаратты толук капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле имараттын аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
🔹 Кыдыруу учурунда көп кабаттуу үйдүн жашоочулары да мэрге кайрылып, өз арыз-даттанууларын билдиришти. Шаар башчысы жашоочулардын кайрылууларын угуп, биринчи кезекте өздөрүнө тиешелүү аймакты оңдоп-түзөө зарылдыгын белгиледи.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео