ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Төлөйкөн айылында 225 орундуу мектептин кошумча корпусунун курулушуна мезгил кутусу салынды

✅ Төлөйкөн айылында 225 орундуу мектептин кошумча корпусунун курулушуна мезгил кутусу салынды
🔹 Бүгүн, Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгына караштуу №37 Г. Айтиев атындагы орто мектебине 225 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушуна расмий түрдө мезгил кутусу салынды.
🔹 Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кудайбердиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
🔹 Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри жаңы корпус билим берүү сапатын жакшыртууга, окуучулар үчүн коопсуз жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталганын белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү керектигин айтып өттү.
🔹 Кошумча корпус пайдаланууга берилгенден кийин мектептеги орун тартыштыгы азайып, окуучулар үчүн кеңири жана ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү.
🔹 Курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп, келерки жылдын сентябрь айында толук аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео