ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын жаңы мэри тааныштырылды

📆 Ош шаары, 19-февраль
🔹 Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы шайланган мэрди Ош шаарынын мэриясынын жамаатына жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине расмий түрдө тааныштырды.
🔹 Белгилей кетсек, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Жеңишбек Токторбаев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жанарбек Акаев дайындалган.
🔹 МинКаб башчысы Жеңишбек Токторбаевдин шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымына ыраазычылык билдирип, Жанарбек Акаевге буга чейин башталган иштерди ырааттуу улантып, ийгиликтүү жыйынтыктоону тапшырды.
🔹 Жыйындан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы дайындалган шаар башчысын кабинетине алып барып, кызмат ордуна отургузду. Ал жаңы мэрге алдыдагы милдеттерди ийгиликтүү аткарууга чакырды. Жаңы жетекчи өз кезегинде көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, шаарды өнүктүрүүгө болгон күч-аракетин жумшай турганын айтты.
🔹 Ал эми мурдагы шаар башчысы эмгек жамааты менен коштошуп, жетишилген ийгиликтер ар бир кызматкердин мээнетинин жыйынтыгы экенин баса белгиледи. Ошондой эле башталган иштерди аягына чыгаруу жана шаардын өнүгүүсүнө багытталган аракеттерди улантуу зарылдыгын белгилеп кетти.
————————————————
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео