ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Прокуратура тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жыйын өткөрүлдү

🔹 Ош шаарынын прокурорунун орун басары З.Тойчубаевдин төрагалыгында жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын, шаар аймагындагы жеке ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
🔹 Жыйында өлкө башчысынын “Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2026-жылдын 13-февралындагы көрсөтмөсүнүн талаптарынын аткарылуусу боюнча маселе каралды.
🔹 Жыйындын жүрүшүндө салык органдарында катталган ишкердик субъекттерге мыйзамсыз текшерүүлөргө, салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык контролун жүргүзүүгө 2026-жылдын 31-декабрына чейин мораторий киргизилгендиги түшүндүрүлдү.
🔹 Ошондой эле, бул багытта кандайдыр бузулган укуктар учураганда, прокуратура органдарына төмөнкү жолдор менен кайрылууга укуктуу экендиги эскертилди.
📞 0773041616 ишеним телефону
📱 «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси (App Store жана Google Play’де жеткиликтүү).
🌐 www.prokuror.kg расмий сайты
_______________________________
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео