ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жашыл шаарга карай кадам: Ош шаарында жашылдандыруу иштери күчөтүлүүдө

📆 Ош, 25-февраль
🔹 Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу И. Раззаков көчөсүндө уюштурулган көчөт отургузуу саамалыгына катышты.
🔹 Отургузулган көчөттөр Ош шаарындагы жашылдандыруу чарба комбинатынын күнөсканасында өстүрүлүп, алдын ала чоңойтулган эмен жана каштан көчөттөрү тандалып алынды.
🔹 Белгилей кетсек, Ош шаарын жашыл шаарга айлантуу жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү шаар мэринин негизги приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Калаа башчысы быйыл көчөт отургузуу жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл буруларын белгилеп келет.
🔹 Маалыматка ылайык, 2026-жылы Ош шаарына 20 миңден ашуун көчөт отургузуу пландалууда.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео