ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы А. Масалиев (Н. Нариманов) атындагы мектеп пайдаланууга берилди

📆 Ош шаары, 25-февраль
🔹 Бүгүн, Ош шаарындагы №7 А. Масалиев (Н. Нариманов) атындагы жалпы билим берүү мекемеси капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү жетекчилер, мугалимдер жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
🔹 Салтанаттын алкагында мектеп имаратынын алдына мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин эстелиги орнотулду. Ошондой эле билим берүү мекемесинин имаратынын сырткы фасады, терезелери жана эшиктери толугу менен жаңыланды.
🔹 Белгилей кетсек, 2025–2026-окуу жылына карата аталган мектепте 134 класс-комплект ачылып, учурда 4615 окуучу билим алууда. Кыска мөөнөттө жүргүзүлгөн оңдоо иштери мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдап, окуучулар үчүн коопсуз, жылуу жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
🔹 Оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

default

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео