
Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу болуп өттү. Ага шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев, бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Кушбак Шайиев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ААБ, МАБ башчылары, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар, активисттер жана шаар тургундары катышты.