ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

🗓️ Ош шаары, 4-март
🔹Бүгүн Ош шаардык кеңешинин XIX сессиясы өткөрүлүүдө. Сессияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
🔹 Күн тартибине:
– 2026-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө;
– Ош шаарынын 2025- жылга жана 2026-2027- жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;
– Муниципалдык мүлктү бошотуу жөнүндө;
– “Ош шамы” гезитинин тарифин бекитүү жөнүндө;
– Ош шаарындагы айрым географиялык объекттердин аталыштары жөнүндө;
– Мамлекеттик менчиктеги айрым мүлктөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө;
– Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө;
– Ош шаарынын мэриясынын алдында “Сулайман-Тоо” волейболдук клубун түзүүгө макулдук берүү жөнүндө;
– Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселелер коюлду.
🔹 Ошондой эле шаардык кеңештин депутаттары Ош шаарынын жергиликтүү бюджети, шаардагы курулуш иштери, Башкы план, коммуналдык чарба, социалдык маселелер, билим берүү тармагы, инвестиция тартуу жана ишкерлерди колдоо боюнча суроолорду берип, шаарды өнүктүрүү, эл көйгөйлөрүн чечүү маселелерин сунуштады.
🔹 Шаар башчысы Ош шаарын өнүктүрүү, инфраструктурасын жакшыртуу, жашылдандыруу жана башка олуттуу маселелер боюнча шаардык кеңеш менен биргеликте тыгыз иштешип, сессияда коюлган суроолор, сунуштар боюнча тиешелүү иштер алынып барыла тургандыгын билдирди.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео