Мэр Жанарбек Акаевдин демилгеси менен 8-мартка карата ооз ачар уюштурулду
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев социалдык долбоорлорду колдогон уюмдар менен биргеликте 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата шаардык муниципалдык ишканалардын айым кызматкерлерине ооз ачар уюштуруп, куттуктоо сөзүн айтты.
Шаар башчысы аялзаттын коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын үй-бүлөдөгү жана шаарды өнүктүрүүдөгү эмгегине ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чаранын соңунда Рамазан айынын урматына 300 социалдык кызматкерге азык-түлүк жардамдары таратылды.