Ош шаарына боордош шаар Пхёнтэктен корей тилиндеги китептер келди
Ош шаарындагы К.Ташбаев атындагы шаардык китепканада Корея Республикасынан боордош шаар Пхёнтэктен келген корей тилиндеги жаңы китептин бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, Пхёнтэк шаарынын мэриясына жана Эл аралык алмашуу фондуна маданий диалогду өнүктүрүүгө кошкон баалуу салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал эки шаардын ортосундагы боордоштук мамилелер мындан ары да конкреттүү биргелешкен долбоорлор жана демилгелер менен толукталып турарын белгиледи.
Китептердин жыйнагына корей сөздүктөрү, корей тилине, тарыхына жана маданиятына арналган басылмалар, балдар жомоктору, ошондой эле энциклопедиялар кирди.
Берилген китептер Ош шаарынын тургундары үчүн арналган жана шаардык китепканага жайгаштырылат. Ал жерде мектеп окуучуларына, студенттерге, мугалимдерге жана корей тилине, маданиятына жана салттарына кызыккан бардык окурмандарга жеткиликтүү болот.
Эске салсак, 2025-жылдын август айында Ош шаарынын мэриясы менен Кореянын Пхёнтэк шаарынын мэриясынын ортосунда эки шаардын узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган.