ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жанарбек Акаев: Ош шаары билим денгээли боюнча да алдыга чыгышы керек

🔹 Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев республикалык олимпиаданын IV баскычына жолдомо алган окуучулар жана алардын мугалимдери менен жолугушту.
🔹 Калаа башчысы мындан ары Ош шаары байыркы тарыхы, инфраструктурасы, Сулайман-Тоосу, Ак-Буурасы менен гана сыймыктанбастан, билим деңгээли боюнча да алдыга чыгышы керектигин белгилеп, олимпиадага аттанып жаткан окуучуларга ийгилик каалады.
🔹 “Дүйнө жүзүндө билим берүү тармагында атаандаштык күчөп жаткан учурда, окуучулар заманбап технологияларды колдонуп, жаңы билим изденүүлөрүнүн үстүндө иштөөсү абдан маанилүү. Бул багытта билимдүү жаштардын өсүүсү үчүн мэрия тараптан сезилерлик колдоолор көрсөтүлөт”, — деди мэр жолугушууда.
🔹 Республикалык олимпиада 2026-жылдын 27-28-март күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Ош шаарынан жалпы 36 окуучу катышат. Быйылкы жылы Ош шаарынын атынан катышуучу окуучулардын даярдыгын мыкты деңгээлде уюштуруу максатында тиешелүү иштер алынып барылууда.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео