ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулерди кабыл алды

🔹 Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
🔹 Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, агенттиктин каржылык колдоосу аркылуу шаарды айланып өтүүчү заманбап айланма жолду куруу сунушун айтты.
🔹 Бул долбоор шаар ичиндеги транспорт агымын жөнгө салууга, жол тыгындарын азайтууга, транзиттик унаалардын кыймылын шаар сыртына багыттоого жана жалпы жол коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
🔹 Тараптар Ош шаары менен Улуу Британиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, келечекте экономикалык, инвестициялык жана инфраструктуралык багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кароого кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео