ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр Жанарбек Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

🔹 Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты.
🔹 Шаар башчысы тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында канал жээктерин тез арада тосуп, иретке келтирүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
🔹 Кыдыруунун жүрүшүндө мэр канал жээгинде жашаган тургундар менен да жолугуп, жакын арада коопсуздук талаптарына ылайык жаңы тосмолор орнотулуп, аймак толугу менен иретке келтириле турганын билдирди.
🔹 Ошондой эле шаар башчысы тургундарды канал жээктерин мыйзамсыз ээлеп албоого чакырып, мындай аракеттер катталган учурда мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн эскертти.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео