ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жанарбек Акаев: «Алай» футбол клубуна мэрия тарабынан колдоо күчөтүлөт

🔹 Ош шаарындагы «Алай» футбол клубу өлкө биринчилигинин алкагындагы үчүнчү беттешин өз майданында өткөрүп, Кара-Балта шаарындагы «Кыргыз Алтын» командасы менен күч сынашты.
🔹 Беттешке Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары жана көптөгөн күйөрмандар катышты. Оюндун алдында шаар башчысы сөз сүйлөп, «Алай» футбол клубу Ош шаарынын намысын коргоп келе жаткан команда экенин белгилеп, мэрия тарабынан клубга мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн айтты. Ошондой эле шаарда футболду өнүктүрүү, жаш спортчуларды колдоо жана спорттук инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер улантыларын белгиледи.
🔹 Сөзүнүн соңунда эки командага тең ийгилик каалап, футболчуларга таза жана кызыктуу оюн көрсөтүүнү каалады.
🔹 Оюндун жүрүшүндө эки команданын күйөрмандары оюнчуларга активдүү дем берип турушту. Алгачкы голду 13-мүнөттө «Кыргыз Алтын» командасы киргизсе, «Алай» клубу 29-мүнөттө эсепти теңеди.
🔹 Жыйынтыгында 95 мүнөткө созулган беттеште эки команда тең чабуулга басым жасап, кызыктуу оюн көрсөтүп, беттеш тең эсеп менен жыйынтыкталды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео