ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр Жанарбек Акаев жана министр Нурдан Орунтаев Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзгөн ишкерлер менен жолугушту

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы ишкерлер менен жолугушту. Жыйынга тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.
🔹 Жолугушууда министр курулуш тармагындагы механизмдер жана иштерди мыйзамдуу жүргүзүү тартиби тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Ош шаарындагы айрым курулуш объекттери тиешелүү документтери жок, мыйзамсыз башталганын белгилеп, учурда мындай 34 объект бар экенин айтты.
🔹 Министр бул маселе олуттуу көйгөй экенин белгилеп, аткарылган иштердин сапаты жана мыйзамдуулугу тиешелүү тартипте каралып чыгып, өлкө башчысынын көзөмөлүндө бир чечим кабыл алына турганын билдирди.
🔹 Шаар мэри азыркы учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүү иштери жыйынтыкталгандан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынарын айтты.
🔹 Жыйындан соң министр шаар мэри менен биргеликте Гапар Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүн байланыштыруучу эки деңгээлдүү көпүрөнүн, Кең-Сай массивинде салынып баштаган мектеп жана бала бакчанын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай имараттарынын курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео