ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Санаторий сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүлүшү керек” — мэр Жанарбек Акаев

🔹 Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Төлөйкөн айылында жайгашкан санаторийде жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.
🔹 Калаа башчысы тиешелүү кызматтарга жана жооптуу жетекчилерге курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, белгиленген мөөнөттө жана талапка ылайык бүтүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
🔹 Мэр мындай объектилерди жаңылоо шаар тургундарынын жана келген коноктордун ден соолугун чыңдоого, ошондой эле эс алуу шарттарын жакшыртууга өбөлгө болоорун белгиледи.
🔹 Санаторийдин имараты 4 кабаттан туруп, жалпы аянты 3300 м² түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда иштердин 70 пайызы аяктады. Имараттын чатыры толугу менен алмаштырылып, ичи-тышы шыбалып, жаңы эшик-терезелер орнотулууда. Ошондой эле жылуулук, электр жана өрт коопсуздук системалары жаңыланып, долбоорго ылайык эмеректер менен жабдылып, имаратка лифт орнотулат.

default
default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео