ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

🔹 Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четинде жайгашкан, келечекте өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарга барып, ал жерлердин учурдагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты.
🔹 Калаа башчысы белгиленген аймактарга жаңы өндүрүштүк зоналарды куруу шаардын экономикалык өсүшүнө чоң салым кошорун, ошондой эле ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жергиликтүү тургундарды туруктуу жумуш менен камсыздоого өбөлгө болоорун белгиледи.
🔹 Белгилей кетсек, шаарды өнүктүрүү жана өндүрүштүк ишканаларды көбөйтүү максатында келечекте шаардын четки аймактарына өндүрүш түрлөрүнө жараша атайын аймактарды ачуу пландалууда. Озгур айылына агрардык өндүрүш, Жапалакка тамак-аш өңдүрүшү, Алымбек-Датка муниципалдык аймагына оор өнөр жай тармагы жана Жибек-Жолу муниципалдык аймагына жеңил өнөр жай өндүрүштүк зонасын түзүү каралууда.
🔹 Шаар мэри тиешелүү кызматтарга белгиленген аймактарда келечектеги өндүрүш зоналарын түзүү боюнча деталдуу пландарды иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды берди. Бул иштер этап-этабы менен ишке ашырылып, жакынкы жылдары Ош шаарында жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

default

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео