ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

«Аял ишкерлер жана санариптик трансформация» аттуу уникалдуу программа APCICT – UN ESCAP тарабынан уюштурулуп, Women in Tech Kyrgyzstan жана Bizdin Ayimdar менен биргеликте өткөрүлөт.

📅 2026-жылдын 13–15-апрели (офлайн) — бул сизге санариптик жана бизнес көндүмдөрүңүздү өнүктүрүүгө жана санариптик экономикадагы ишкердиктин инновациялык ыкмалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
✨ Программанын негизги темалары:
🔹 E-commerce жана санариптик маркетинг боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү.
🔹 Бизнес чечимдерин негиздүү кабыл алуу үчүн маалыматтарды талдоо боюнча билим алуу.
🔹 Бизнес өсүшү үчүн жасалма интеллектти кантип колдонуу керектигин үйрөнүү.
🔹 Санариптик инструменттердин жардамы менен жаңы рынокторго чыгуу стратегияларын түшүнүү.
⚠️ Катышуучулардын саны чектелүү — болгону 40 аял.
Каттоо 2026-жылдын 29-мартына чейин ачык. Тандалган катышуучулар эксклюзивдүү ментордук топторгокошулуп, тармактык эксперттерден кошумча колдоо алышат.
⬆️ КАТТОО ШИЛТЕМЕСИ ПРОФИЛДИН ШАПКАСЫНДА
✅ Кимдер катыша алат:
• Аял ишкерлер же өз бизнесин баштоону пландап жаткан аялдар.
• Англис тилин билүү талап кылынат.
Бул долбоор жөн гана окуу эмес. Бул аймакта санариптик трансформацияны алдыга жылдырган аял лидерлердин өсүп жаткан коомчулугунун бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү.
Өнөктөштөр:
• Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
• UN Women
• Ош шаарынын мэриясы
• The Tech
• Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы
📞 Байланыш үчүн:
+996 558 581 388 — Сани Сайкал
+996 558 777 721 — Эркемай
+996 770 099 222 — Рузали
_____________________
✅ Уникальная программа «Женщины-предприниматели и цифровая трансформация» от APCICT – UN ESCAP, организованный совместно с Women in Tech Kyrgyzstan и Bizdin Ayimdar.
📅 13–15 апреля 2026 года (офлайн) — у вас будет возможность развить цифровые и бизнес-навыки и познакомиться с инновационными подходами к предпринимательству в цифровой экономике.
✨ Основные темы программы:
🔹 Развитие практических навыков в e-commerce и цифровом маркетинге.
🔹 Получение знаний по анализу данных для принятия обоснованных бизнес-решений.
🔹 Изучение того, как использовать искусственный интеллект для роста бизнеса.
🔹 Понимание стратегий выхода на новые рынки с помощью цифровых инструментов.
⚠️ Количество мест ограничено — всего 40 участниц.
Регистрация открыта до 29 марта 2026 года. Отобранные участницы смогут присоединиться к эксклюзивным менторским группам и получать дальнейшую поддержку от экспертов отрасли.
РЕГИСТРАЦИЯ В ШАПКЕ ПРОФИЛЯ⬆️
✅ Кто может участвовать:
•Женщины-предпринимательницы или те, кто планирует открыть собственный бизнес.
•Требуется знание английского языка.
Этот проект — больше, чем просто обучение. Это возможность стать частью растущего сообщества женщин-лидеров, которые продвигают цифровую трансформацию в регионе.
Партнёры:
• Министерство цифрового развития КР
• UN Women
• Мэрия г.Ош
• The Tech
• ТПП
📞 Контакты для связи:
+996 558 581 388 Сани Сайкал
+996 558 777 721 Эркемай
+ 996 770 099 222 Рузали

Окшош жаңылыктар

677077555_1300859088899652_5632431574930157908_n

Мэр Жанарбек Акаев Жапалак айыл аймагындагы курулуш иштери менен таанышты

675243059_1300814285570799_2199988666659912316_n

Көрүнүктүү акын Шавкат Рахмандын 75 жылдыгы Ош шаарында салтанаттуу белгиленди

675920406_1300684418917119_6199854915467294443_n

Ош шаарында жаңы скверлер курулуп, жашыл аймактар кеңейүүдө

672370714_2030317727582122_2781851695617816041_n

СНОС: Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда

672336818_1871216143540356_6628583270951937520_n

Ош шаарында жаңы кондитердик цех ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү

673371321_1675593810351255_5190652948062785735_n

Ош шаарында жалпы ишембилик өткөрүлдү

Видео

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.