ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Ош шаарындагы курулуш объекттери толугу менен бүтөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев шаардагы курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчик ишкерлер менен жолугушуп, 14-марттагы жыйында көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилгендиги тууралуу маалымат беришти.
🔹 Министр шаардагы курулуш маселелерин эки этапта караларын, курулушу аяктаган 9 объект боюнча атайын комиссиянын корутундусуна ылайык акча каражаты бөлүнөөрүн, ал эми курулушу башталып, токтоп калган 24 объект министрликтин карамагына өткөрүлүп, мыйзам боюнча иштери улантыларын билдирди.
🔹 Ошондой эле өлкө башчысынын тапшырмасы менен, Ош шаарындагы башталган курулуштардын бири да токтотулбай, мыйзамдуу негизде сапаттуу бүткөрүлөрү камсыздалары белгиленди. Ишкерлердин чыгымдары жана курулуш иштерине керектелүүчү каржы республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан бөлүнө турган болду.
🔹 Жолугушуудан соң шаар мэри менен министр курулуш объекттерин текшерип, министр ишкерлерге кабатыр болбостон иштерди активдүү улантууну сунуш кылды. Ар бир объект боюнча келишимдер мыйзамдуу негизде түзүлүп, министрликтин көзөмөлүндө аткарыларын тастыктады.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео