Мэр Жанарбек Акаев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, алардын кайрылууларын укту. Кабыл алууга мэриянын аппарат өкүлдөрү, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жарандар негизинен турак жай, курулуш, жер маселеси, коммуналдык кызматтар, коомдук транспорт жана имараттарды бузуу (снос) боюнча көйгөйлөрү менен кайрылышты. Ошондой эле жакында жаңы жайга көчүрүлгөн “Келечек” базарынын соодагерлери инфраструктураны жакшыртуу жана тиешелүү шарттарды түзүү боюнча сунуштарын айтышты.
Шаар башчысы ар бир кайрылууга жооп берип, маселелерди чечүү жолдорун кароону тиешелүү кызматтарга тапшырды жана көтөрүлгөн маселелерди жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи.