ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 21-март Ош шаарында Нооруз майрамына арналган маданий иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Жонорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, чет элдик коноктор жана шаар тургундары катышты.
🔹 Нооруз шаңы борбордук аянтта расмий коноктордун катышуусунда, улустун улуу күнүн даңазалаган театрлаштырылган сахналык көрүнүш менен башталды. Шаар мэри келген конокторду жана тургундарды жаздын жарчысы, жаңылануунун, ынтымак менен берекенин символу болгон Нооруз майрамы менен куттуктады.
🔹 Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев ордолуу Ошту ар тараптан өнүктүрүү иштери өлкө башчы Садыр Жапаровдун түздөн-түз көзөмөлүндө улантылып жаткандыгын баса белгилеп, алдыда жасалуучу дагы алгылыктуу иштерге токтолуп, Жибек-Жолунун провайдери болгон байыркы шаар келечекте дүйнөлүк маданий борборго айланышына тилектештигин билдирди.
🔹 Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор кыргыз элинин көчмөн маданиятын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган «Шырдак» фестивалынын алкагындагы көргөзмө жана улуттук оюндар менен таанышып, салтанат маданият кызматкерлеринин ыр-бийлери менен коштолду.
🔹 Майрам кечки саат 19:00дө чоң концерттик программа менен улантылат.

Screenshot

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео