
Бүгүн, 21-март Нооруз майрамы Барпы Алыкулов сейил багында даярдалган сүмөлөк ачуу аземи менен башталды. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев жана облус башчысы Аманкан Кенжебаев энелердин ак батасы менен жакшы тилектерди айтып, ынтымак, береке жана молчулук каалоо менен сүмөлөктөн ооз тийишти.