ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Сүмөлөк кайнап, тилектер айтылды: Ошто Нооруз майрамы башталды

Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы эс алуу багында Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатуунун салттуу аземи жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
🔹 Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исраилов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, жогорку окуу жайлардын ректорлору, коомдук ишмерлер жана шаар тургундары катышты.
🔹 Иш-чаранын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, майрамдык маанай шаңга бөлөндү.
🔹 Калаа башчысы сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсүндө тилек айтып, жакшы ниеттерин билдирди. Бул салт элдин биримдигин, берекесин жана келечекке болгон ишенимин даңазалаган маанилүү мурас катары өзгөчө белгиленди.
🔹 Белгилей кетсек, Нооруз майрамына карата негизги салтанаттуу иш-чара эртең саат 10:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында башталып, маданий программа, оюн-зоок иш-чаралары жана концерт менен коштолот.

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео