ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр Жанарбек Акаев: “Балдардын өлүмү – бүтүндөй өлкө үчүн чоң трагедия”

Ош шаарында милициянын кайгуул кызмат бөлүмү тарабынан “Коопсуз кадам – жаркын келечек” аттуу форум өттү. Форумга шаар мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, окучуулар жана ата-энелер катышты.
🔹 Шаар башчысы өнүккөн өлкөлөрдө жол кырсыгынан каза болгон балдардын өлүмү чоң трагедия катары кабыл алынарын белгилеп, бизде мындай учурлар көбүнчө жөн гана статистика катары каралып калып жатканын баса белгиледи.
🔹Мэр ар бир бала – биздин келечегибиз экенин айтып, алардын коопсуздугуна кайдыгер карабоо ар бир жарандын милдети экенине токтолду. Ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу иштерин тынымсыз жана системалуу жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, айдоочуларды жана жаштарды жол коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.
🔹 Форумдун жүрүшүндө жол коопсуздугу темасында театрлаштырылган сахналык көрүнүш уюштурулуп, анда жол эрежелерин сактоонун мааниси жана коопсуз жүрүүнүн негизги талаптары чагылдырылды.
🔹 Аталган иш-чара аркылуу айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилиги, жол кырсыктарынын алдын алуу, балдардын коопсуздугу сыяктуу маанилүү маселелер көтөрүлүп, катышуучуларга таасирдүү жеткирилди.
   

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео