ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто “Биз баарыбыз бирдейбиз” аттуу кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү

🔹 Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов “Алтын алакан” ден соолукту чыңдоо борборунун “Биз баарыбыз бирдейбиз” аталышындагы кайрымдуулук иш-чарасына катышты.
🔹 Иш-чарада майыптыгы бар балдардын муктаждыктары, күнүмдүк көйгөйлөрү, аларга түзүлгөн шарттар жана бүгүнкү күндөгү көрсөтүлүп жаткан камкордуктар тууралуу маселелер көтөрүлүп, мындай балдар негизинен атайын реабилитацияга, физиотерапияга жана социалдык колдоого муктаж экендиги белгиленди.
🔹 Шаар башчысы балдары майып төрөлүп калса, эркектер жоопкерчиликтен качып, түйшүк аялдарга түшүп жатканын жана реабилитациялык борборлордун, адистердин жетишсиздигинен улам энелер өздөрү адис болуп калгандыгын белгилеп, мындай көйгөйдү чечүүнүн жолун таап, жаңы борборлорду ачууга көмөк көрсөтөрүн билдирди.
🔹 Иш-чарада 3 баланын тушоосу кесилип, майыптыгы бар балдардын бийи жана катышуучулар үчүн чакан концерттик программа тартууланды. Ошондой эле балдардын ден соолугун чыңдоого салым кошкон кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео