ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Санариптик трансформация: “Демир банк” Ош шаарына 200 млн сомдук инвестиция салат

🔹 Президент Садыр Жапаровдун ишкерлерди колдоо жана инвестиция тартуу боюнча демилгесинин алкагында Ош шаарында санариптештирүү багытында ири кадамдар жасалууда.
🔹 Мэр Жанарбек Акаев “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” менен шаардык санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган 200 млн сомдук инвестиция боюнча эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол койду.
🔹 Макулдашуунун алкагында Ош шаарындагы коомдук транспорт системасы жана жаңы базардын унаа токтотуучу жайлары толугу менен санарип форматка өткөрүлөт. Бул чечим тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, бюджеттик кирешелерди көбөйтүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга өбөлгө түзөт.
🔹 Долбоор 5 ай ичинде толук ишке киргизилип, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу, ыкчам жана ачык-айкын санариптик кызматтарды сунуштайт.
🔹 Долбоорду ишке ашырууда заманбап технологиялар колдонулуп, шаардык башкаруунун эффективдүүлүгү жогорулап, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаңы деңгээлге чыгат.
🔹 Жанарбек Акаев шаарды өнүктүрүүгө салым кошууну каалаган ишкерлер менен өз ара пайдалуу жана ачык кызматташууга даяр экенин билдирип, инвесторлорго колдоо көрсөтүү мэриянын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео