Бүгүн рекультивацияланган 2 көрүстөнгө көчөттөр отургузулду
Бүгүнкү ишембиликте Ош шаарындагы Ак-Гөр жана Мажүрүм-Тал көрүстөндөрүнө көчөттөр эгилип, эски жайды экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан Ак-Гөр көрүстөнүн көрктөндүрүү иштерине жогорку окуу жайлар да тартылып, Ош мамлекеттик университетинин жардамында 4 түрдүү көчөттөр отургузулду.
Ал эми Мажүрүм-Тал көрүстөнүнө 250дөн ашуун эмен дарагы эгилип, көчөттөр Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан камсыз кылынды.
Көрктөндүрүү иштерине мэрдин орун басары Эрнис Толтоев, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана студенттери, коммуналдык чарба кызматкерлери, жергиликтүү жашоочулар катышты.
Белгиленген планга ылайык Ош шаары боюнча рекультивациядан өткөн 8 көрүстөндүн ордун жашылдандыруу иштери каралган. Учурда 4 эски көрүстөн көрктөндүрүлдү. Жакынкы күндөрү дагы 4 жайга көчөттөр эгилет.
Мындай иш-чаралар өлкө башчысы тарабынан жарыяланган “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында жана шаардын экологиялык абалын жакшыртуу, жашыл зоналарды көбөйтүү, Ошту көрктүү, жашыл шаарга айлантуу максатында ишке ашырылууда.