ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө мэр Жанарбек Акаев 1 250 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды

🔹 Бүгүн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин катышуусунда мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты.
🔹 Шаар мэри олимпиадада алдыңкы орундарды багындырган окуучуларды жеңиши менен куттуктап, мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мындан ары шаар бийлиги билимдүү жаштарды колдоого алып, алардын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.
🔹 Калаа башчысы өз сөзүндө билимдүү жаштар – өлкөнүн келечеги экенин белгилеп, аларды даңазалоо жана коомго үлгү көрсөтүү максатында олимпиада жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү шаардагы LED экрандарга жайгаштырылганын билдирди.
🔹 Сыйлоо аземинде Ош шаарынын мэринин фондунан олимпиада жеңүүчүлөрүнө жалпы 1 250 000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.
🔹 Быйыл Ош шаарынан олимпиадага 36 окуучу катышып, анын ичинен 8и жеңүүчү аталды. Командалык эсепте Ош шаары Бишкек шаарынан кийинки 2-орунду ээледи.
🔹 Белгилей кетсек, республикалык олимпиаданын IV этабы 27–28-мартта Бишкек шаарында өтүп, 322 окуучу 17 предмет боюнча катышты. Жыйынтыгында 19 окуучу 1чи орунду, 18 окуучу 2 орунду, 17 окуучу 3 орунду ээледи.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео