ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр Жанарбек Акаев: “Шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо биринчи орунда болушу керек

🔹 Ош шаарынын мэриясынын биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча кезектеги коллегиялык жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, коллегиянын мүчөлөрү, шаар башчысынын орун басарлары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
🔹 Күн тартибинде үч негизги маселе каралды:
– Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамынын алкагында коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер;
– Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери;
– Кыргыз Республикасынын “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамынын жана “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасынын аткарылышынын абалы.
🔹 Калаа башчысы шаар тургундарынын коопсуздугу биринчи орунда экенин белгилеп, көзөмөл камераларын сатып алууда каражатты үнөмдөбөстөн, жетиштүү деңгээлде камсыздоо зарылдыгын айтты. Көзөмөл системаларын кеңейтүү коопсуздукту жогорулатып, кылмыштуулукту азайтууга өбөлгө түзөрүн билдирди.
🔹 Ошондой эле шаар мэри майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо, жашоо шарттарын жакшыртуу, инфратүзүмгө жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
🔹 Жыйындын соңунда шаар мэри күн тартибиндеги үч маселе боюнча тиешелүү кызматтарга ыкчам жана жоопкерчиликтүү иш алып барууну тапшырды. Көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү, кемчиликтерди жоюу жана ишти натыйжалуу жүргүзүү боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео