ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаары менен Санкт-Петербург шаарынын ортосундагы кызматташтык кеңейтилет

Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра, Эл аралык эмгек миграциясына көмөктөшүү ассоциациясынын президенти Елена Дёмина, “Южный” миграция борборунун башкы директору Аким Черников жана Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин менен жолугушту.
🔹 Жолугушууда Ош шаары менен Санкт-Петербуг шаарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, санариптик кызматтар, билим берүү, саламаттык сактоо, маданий тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
🔹 Ошондой эле 2024-жылдын июнь айында Санкт-Петербург шаарынын делегациясынын Ош шаарына болгон сапарынын жыйынтыгында “Коопсуз шаар” чечимдерин киргизүү, санариптик сервистерди өнүктүрүү жана IT-кадрларды даярдоо боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу тууралу макулдашууларды ишке ашырууда токтоп калган иштерди кайрадан улантуу маселеси каралды.
🔹 Тараптар негизинен эмгек миграциясына байланыштуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилешип, маалымат алмашууну жакшыртуу жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды ишке ашыруу маселелерине токтолушту.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео