ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Өлкө башчысы Ош шаарындагы 10 мектептин курулушуна старт берди

📆 Ош шаары, 10-апрель
🔹Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында 10 мектептин курулушуна расмий түрдө старт берип, С. Жигитов атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушуна мезгил кутучасын салды. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
🔹Өлкө башчысы Ош шаарындагы мамлекеттик мектептер эки эседен ашык жүктөм менен иштеп жатканына токтолуп, экинчи борбордогу мектептердин жетишсиздиги билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизбеши керектигин айтып, инфратүзүмдүк тартыштыкты жоюу үчүн жаңы мектептерди куруу заман талабы экенин белгиледи.
🔹Президент учурда Ош шаарына Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 мектеп жана республикалык бюджеттен 5 мектеп курулуп жатканын билдирип, курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча тиешелүү министрликтерге эскертүү берип, ар бир ишти жеке көзөмөлүнө аларын айтты.
🔹Учурда Ош шаарындагы 70 мектепте 100 миңден ашуун окуучулар билим алышууда. Быйыл жалпы 15 мектеп пайдаланууга берилсе, шаар мектептериндеги орун тартыштыгынын 20-22 пайызын жабууга мүмкүндүк болот.
🔹Белгилей кетсек, бүгүн Ош шаарында төмөнкү долбоорлор башталды:
– 1200 окуучуга ылайыкталган Салижан Жигитов атындагы №2 мектептин (мурунку аталышы – Карл Маркс) жаңы имаратынын курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 4 кабаттуу;
– С. Алымкулов атындагы №33 орто мектеби үчүн 312 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектептин имараты 2 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
– Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин аймагында 750 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектеп 7 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
– М.В.Ломоносов атындагы №3 орто мектебинин эски имаратын бузуу менен жаңы имараттын курулушу. Мектеп 4 блоктон турат, 4 кабаттуу жана жертөлөсү бар;
– Ак-Буура конушунда 800 окуучуга ылайыкталган жалпы билим берүүчү мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
– Ош шаарынын Ишкаван айылында 700 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
– Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкармалыгынын Сары-Зоо участкасында 528 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
– Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп үчүн 1200 окуучуга ылайыкталган кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 4 кабаттуу;
– “Эне-Сай” жаңы конушунда 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 2 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
– Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкармалыгынын Сүрөттүү-Таш айылында 500 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу. Мектеп 6 блоктон турат жана 2 кабаттуу.
________________
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео