Президент Садыр Жапаров Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты
Ош шаары, 10-апрель
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош шаарындагы иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Шаар мэри Жанарбек Акаев мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берди.
Бүгүнкү күндө дарыянын нугунан 323 510 тонна сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылып, суунун агымын тосуп турган тоскоолдуктар жоюлду. Ошондой эле дарыянын айланасы иретке келтирилип, жээк тилкелери оңдолууда.
Ошондой эле Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында жергиликтүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары Ак-Буура дарыясынын ички бөлүгүн жана жээктерин тазалоого активдүү көмөк көрсөтүштү.
Өлкө башчысынын колдоосу менен жумуштарды ишке ашырууга 24 млн сом бөлүнгөн. 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер аткарылууда. Белгиленген иштердин бардыгын ушул жылдын 15-апрелине чейин аяктоо пландалууда.
Президент Садыр Жапаров суу объектилеринин экологиялык абалын жакшыртууга жана калктын коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.