Мамлекет башчысы Ош шаарындагы полимер түтүктөрүн чыгаруучу “Эл Пласт” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты
Ош шаары, 10-апрель
Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров шаар мэри Жанарбек Акаев менен биргеликте полимер түтүктөрүн өндүрүүчү “Эл Пласт” ишканасына барды.
Өлкө башчысы өнөр жай тармагынын продукцияны даярдоо технологиялык процессин көрүп чыгып, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды.
Бүгүнкү күндө ишкана суу менен камсыздоодо, канализацияда жана айыл чарбасында колдонулуучу диаметри 16дан 1200 ммге чейинки түтүктөрдүн кеңири ассортиментин чыгарат. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 15 000 тоннага чейин жетет.
Өндүрүштө Россиядан, Ирандан жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулалары колдонулат. Ишканада суу түтүктөрү жана канализация системалары үчүн продукциянын кеңири ассортиментин чыгарууга мүмкүндүк берген заманбап технологиялык жабдуулар орнотулган.
2025-жылдын январь айынан 2026-жылдын январь айына чейин ишканада 900 млн сомдон ашык суммага продукция өндүрүлүп, сатылды, муну менен катар 100 млн сомдун тегерегиндеги салык төлөндү.
Президент ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоого багытталган өндүрүштүк демилгелерди мындан ары да колдоонун зарылдыгын белгиледи.